А.Келдибеков: Үчилтик тирүү. Биз күн сайын сүйлөшүп турабыз (видео)

Мындай пикирин Акматбек Келдибеков 3-июлда “Суперинфо” гезити өткөргөн түз эфирде билдирди. Ал үчилтиктеги кайсы саясатчы  президенттик шайлоого талапкер болуп барары да белгисиз деп, эч ким курултайын өткөрө электигин, БШКага арыз менен кайрыла электигин кошумчалады.

Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев өткөн жылы биригишкенин жарыялап, президенттик шайлоодо үчөөнүн ичинен бирөөсүн колдоп чыгышарын билдиришкен.

Бирок үчилтиктин иш жүзүндө ыдырап жатканын серепчилер белгилеп келатышат. Саясий аренада бирге эмес, көбүнчө  өз-өзүнчө аракет жасап, мына ошонун айынан ар кандай сөздөрдүн жаралышына өбөлгө түзгөн үч саясатчы үчилтик ыдырады деп расмий билдирүү жасай элек.

 

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар