А. Келдибеков: «Учурунда күнөө кетирип, качан Ахматбектин колуна түшүп калар экенмин деп түн уйкусу бузулуп жүргөндөр бар»

Өткөн жумада бир топ маалымат каражаттары белгилүү саясатчы, КРнын Жогорку Кеңешинин экс-спикери Ахматбек Келдибековду Бишкектеги элиталык деп аталган “Ала-Арча” турак жай комплексинин өзүн-өзү башкаруу жамаатынын жетекчилигинин тегерегиндеги ызы-чууга байланыштырып жана докторлук илимий ишинин тегерегинде өйдө-төмөн маалыматтарды жазышты. Биз окуянын чоо-жайын билүү үчүн анын өзүнө айрым суроолор менен кайрылдык.

— Ахматбек Келдибекович, акыркы мезгилде айрым гезиттер менен сайттар Сиз тууралуу ар кандай маалыматтарды жазышууда. Алардын биринчиси борбор калаанын элиталык деп саналган “Ала-Арча” VIP шаарчасынын башкармалыгынын алмаштырылышына Сизди аралаштырышууда. Бул тууралуу өзүңүз айтып берсеңиз.

— Биринчиден, саламатсыздарбы. Эң оболу айтып коёрум, кээ бир журналисттер мен тууралуу ар кандай ушак-айыңдарды жазып турушпаса, башы ооруйт. Андыктан алар көптөн бери мен жөнүндө жазбай, башы ооруп калса керек. Албетте, бул тамаша. Бирок саясатчыларды каралоо качан башталат? Оппоненттер ошол саясатчылардан корко баштаганда. Демек, кимдир-бирөөлөр менден коркуп, ал тургай ыйлап да жатат окшойт. Эми жанагы VIP шаарча боюнча. Аны “Ала-Арча” шаарчасы эле деп айтса да болот, VIP деп айтыш кыйын. Мен ал жерде алды 12, арты 4 жылдан бери иштеп келаткан 15 күзөтчү кызматкерлердин таламын талашып атам. Аларды эч кандай мыйзам, жобого таянбастан туруп эле эски буюмду ыргыткандай жумуштан бошотуп салышкан. Ал жерде кой деген кожосу жок же тартиби, жада калса маданияты жок, өздөрүн өздөрү хан, бий сезип алган адамдар бар экендигин көрдүм. Ошолордун калпычылыгынан 15 адамдын укугун коргоп атам. Аларды кызматтан мыйзамдуу түрдө, эгер күнөөсү болсо же реорганизация жана башка себептер менен жакшылап түшүндүрүп туруп бошотсо, өздөрү деле жакшына болуп кетмек да. Бирок буюмду ыргыткандай мамиле жасагандыгы менен ким макул болот эле. Эми ошол өздөрүнүн кетирген кемчиликтерин актоо үчүн ажылдап эле ар кайсы маалымат каражаттарына ар нерсени чыгарып жатышпайбы. Жаза беришсин, анысы мага жармашып калбайт. Кайра мен сотко берип койдум, эми кимдин ак жана күнөөлүү экендиги ачык-айкын чыгат. Андыктан бул маселе боюнча соттун чечимин күтө туралы.

Бир чети мен ал жерде жашагандыктан мага жумушунан бошоп калган күзөтчүлөрдүн кайрылуусуна кайдыгер мамиле жасай албадым. Мурда эрте менен үйдөн чыгып кетип, кеч келип эле, взносту төлөп коюп эч нерсе менен ишим жок эле. Бир да маселеге аралашкан эмесмин. Азыр болсо он жыл мурунку жетишпегендиктер тууралуу маалымат алып жатам.

— Канткен менен бул туракжай комплексинин башкармалыгы жамааттык уюм болгондугуна, эч кандай маяна же башка артыкчылык жок экендигине карабастан бир кызыкчылык бар го. Сиз көп жылдан бери жашагандыктан балким, ал жагдайдын сырын билерсиз.

— Мен деле азыр тополоңдор чыгып, биринин бетин бири ачып жатканда кээ бир жагдайларды билип жатам. Ал жерде шаарчага Совет көчөсү жактан курулган үйлөрдү өздөрүнө кошуп алып, акча алган экен, талаштын негизи ушул болууда. Ошол жаңы күзөтчүлөрдүн бири шаарчада жашагандардын биринин таанышы экен, ошол аркылуу алышыптыр. Андай болбош керек да. Мыйзамдуу, цивилизациялуу жолдор менен конкурс жарыялап, анан алса жарашмак.

— Бирок жаңы башкармалык мурдагы башкармалыктын тушунда таштандылар чыгарылбай калган, эки үйдү уурулар тоноп кеткен жана соцфондго 2,5 млн сом салык төлөнгөн эмес деген дооматтарды коюуда…

— Эгер таштанды чыгарылбай калган болсо, күзөтчүнүн ага тиешеси жок. Ошол жерди тазалаган кызматкерлерди алыш керек, алар биринчиден, иштеп атышат. Экинчиден, соцфондго салык төлөбөй койгондор дал ошол башкармалыктын жетекчилигин талашып жаткандардын катарындагылар. Мен кечээ угуп аябай таң калдым, бир бассейнди оңдоо үчүн элден түшкөн акчанын эсебинен, суммасын айтпай эле коёюн, баланча миллион сом кетиптир. Ал миллион сомдорго бир эмес, эки жаңы бассейн куруп койсо болот. Ууру киргендигине да күзөтчүлөр күнөөлүү эмес. Ошол мурунку иштеген администрациянын күнөөсү.

— Анда бул чарбалык деңгээлдеги чатакка айрым маалымат каражаттары Сизди аралаштырып жаткандыгынын себебин эмнеден көрөсүз?

— Маселенин төркүнүн мындан көрөм, кээ бир мени “жакшы көргөндөр” бар, учурунда күнөө кетирип коюп, качан Ахматбектин колуна түшүп калар экенмин деп түн уйкусу бузулуп жүргөндөр да бар. Мен башында эле, бир жыл мурда айтканмын, “Мага жамандык кылгандардын баардыгын кечирдим, Кудайга, Алла Тааланын алдына койдум”, — деп. Азыр дагы кайталаймын, алар өз жазасын пендеден эмес, баардыгын көрүп, билип турган Алла Тааладан алышат. Ошолордун уйкусу келбей, учуру келгенде мени жамандап жатышат. Себеби азыр парламент тарайт экен, шайлоо болот экен деген сөздөр болуп атпайбы. Макул, айта беришсин, жамандай беришсин. Канчалык далили жок жамандаган сайын, ошончолук эл дагы түшүнө баштайт бул кара пиар экендигин. Демек, булар мага бекер жарнама кылып беришүүдө. Бир чети аларга рахмат. Демейде газетага платформаңды чыгарайын десең, акча төлөйсүң го, а булар азыр мага бекер пиар жасап жатышат.

— Эми илимий ишиңиз тууралуу. Аз гана адам жактоого катышып, өткөрбөй коюптур жана башка сөздөрдү жазышууда…

— Эми илимий ишим боюнча мыйзам, тартиптин чегинде айтып берейин. Алгач мен экономика илимдеринин кандидаты болуш үчүн 6–8 жылга чейин жазганмын. Учурунда белгилүү академик агабыз Турар Койчуев мага илимий жетекчи болгон. Бул менин Каржы министрлигинде иштегенде жазган эмгегим эле. Анда деле ушул Кеңеште, Кыргызстан экономикалык университетинде (КЭУ) жактагам. Ошол учурда да бүгүнкү ректор Төлөгөн Камчыбеков ректор эле, азыр деле ошол киши ректор. Ал кездеги илимий иштер боюнча Кеңештин мүчөлөрүнүн 70–80%ы азыр деле иштеп атышат. Баардыгы кандидаттыгымды бир добуштан колдоп беришкен. Ошондо академик, профессор агай, эжелер айтышкан, “Илим деген ушундай, кандидаттык жакталган соң эртеси докторлук деген башталат”, — деп. Эми аны баштап кеткендер да, таштап койгондор да болот экен, мен баштап кеттим. Илимий жетекчи кылып профессор, доктор адамдар тандалат. Анан 2010-жылы мен Элмира Жумалиева эже менен бир палатада депутат болуп калдык. Бул эженин ошол Кеңеште мүчө, профессор, илимдин доктору экендигин, көп окуучуларга билим бергендигин билем. Ошондуктан мага илимий жетекчи болуп бербейсизби деп өзүм суранган болчумун, бул шарт. Андан соң илимий жетекчи менен чогуу барып тема бекитилет, илимий жетекчи доктор болгусу келген талапкерге багыттарды айтып берет. Биз ошондой шарт менен ишти алпардык.

Азыр 2018-жыл болуп калды. Ал эми биз бул ишти 2010-жылы эле баштаганбыз. Атайын Кеңеште теманы бекиткенбиз. Эми докторлукту жакташ үчүн бир нече илимий эмгектерди жарыялаш керек. Аны жөн эле газетага эмес, илимий журналдарга, бир гана Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө, КМШ мамлекеттериндеги журналдарга жарыялаш керек. Тиешелүү талаптарга жооп бере турган эмгек болушу зарыл. Ошондой эле сөзсүз түрдө монографияң жарык көрүшү шарт. Менин азыр алдыңызда жаткан “Рынок шарттарындагы мамлекеттик фискалдык саясаттын социалдык-экономикалык натыйжалуулугу” деп аталган монографиям 2013-жылдын башында чыккан. 2014-жылы жакташым керек эле. Тилекке каршы февраль айында даярданып жатканда башыма түшкөн иш боюнча жактай албай калдым. Андан кийин үч жыл бою соттошуп жүрдүм. Ага карабай илимий жетекчим менен ишти алпарып жүрдүк. Ошто алдын ала жактоо болду. Ал мындай, кафедраларга барып, илимий ишиңди айтып бересиң. Кечээки КЭУнун эки кафедрасынын бириккен жыйынында бир эле менин эмес, эки-үч адамдын да илимий иштерин карашты. Бирок ал жерде он же жыйырма, отуз адам катышыш керек деген шарт жок. Менин билишимче кафедрада иштеген окумуштуулар толугу менен келип катышып отурушту. Ал жөнүндө протокол түзүлөт.

Бул кафеде төрт адам отуруп алып сүйлөшө тургандай жөнөкөй иш эмес да. Албетте, сын пикир айтылып, доклад, суроолор болот. Кайсыл жерин толукташ керектиги, өзгөртүү тууралуу ойлор айтылат. Ал табигый мыйзамдуу процесс. Келдибековго же Эшматов менен Ташматовго өзүнчө жыйын болбойт. Бүгүнкү күндө илимий жетекчим Элмира Жумалиеваны, КЭУнун ректору Төлөгөн Камчыбековду кошо каралап атышат. Төлөгөн байкенин окуу жайга экономикалык кеңеш ачкандыгы жетиштүү профессорлордун бар экендиги, кыргыздын бактысы болуп саналат. Эгер мындай Кеңеш болбосо, мен Казакстан, Россия же башка жакка барып жактап келишим керек болот. Ал жакка барганда деле мени киргизбей койгонго укугу жок. Эгер илимий эмгегим талапка туура келсе, кабыл алганга милдеттүү болушат. Ошондой эле бүгүнкү күндө КЭУнун ректору Т. Камчыбеков ким билдирүү жасап, шифри туура келген эмгекти кабыл алууга милдеттүү. Ушуну да аралаштырып жазгандардын ишин ыпластык деп айтам, башкача сөз жок. Баарынан да ушундай пас деңгээлдеги макаланы жазган, аны чыгарган гезиттин редакторунун деңгээли өтө төмөндүгүнө өзүм уялып жатам. Ушакты деле кичине окшоштуруп жазыш керек да.

Менин мисалы, эки монографиям бар. Кандидаттыкты жактаганда да андай талап болбогон менен монография жазганмын. Докторлукта сөзсүз монография талап кылынат. Мындан тышкары техникалык жактан да илимий иштерим көп. Техникалык 12 автордук күбөлүктүн жана ушунча эле сандагы патенттин ээсимин, акыркы эки жылда эле мини-гидро ГЭСти натыйжалуу жасоо боюнча төрт патент алдым. Кыргызпатент дагы бир илимдин кандидаты экөөбүзгө эч ким мындайды жазган эмес деп берди. Студент болуп жүргөндө эки автордук күбөлүк алганмын. Андыктан илим менен студент кезден тартып алпурушуп келатам. Бирок бүгүн эле бирөө мени менен чогуу жашап, уктагансып “Келдибековдун илимий деңгээли жок” деп жазгандыгы таң каларлык.

Ушак-айыңдарга көп көңүл бурбаган азуу, иммунитет пайда болуп, “сары” газеталарга көңүл деле бурчу эмес элем, “Де фактонун” мага асылып жатышы өтө пастык. Ошол редакторго “Калем кармап, редактор болгон соң илимий иш кандай жакталат, ага ректордун тиешеси барбы, жокпу, бирөөнүн кызыкчылыгын коргоп өткөрө алабы же илимий жетекчи отуруп алып жазып бере алабы, билип албайсыңбы”, — деп айткым келет. Бул деген ошол журналисттин илимий иш тууралуу такыр түшүнүгү жоктугун далилдеп турат.

— Докторлук эмгегиңиздин темасы кандай?

— Менин докторлук ишимдин темасы жөнөкөй тил менен айтканда фискалдык саясаттын рынок шартында кандай иштешине арналат.

Ар бир адам кандайдыр бир илимий эмгекти жазганда анын элге, мамлекетке же ЖОЖдордун студенттерине пайдасы тийсе экен деп алдына максат коёт. Жеке өзүм өмүр бою каржы тармагында иштеп келатам. Салык, каржы тармагында жетекчи болуп иштедим, социалдык фондду башкардым. Демек, өмүр бою жазган илимий ишимдин үстүндө практикадан өттүм. Мына темасы “Рынок шартындагы фискалдык саясаттын социалдык-экономикалык натыйжалуулугу” деп турат. Аны жөн эле асмандан алып жаза албайсың да. Эгер айыл чарба адистигин бүтүп, ошол кызматтан келип эле бул теманы жазсам, ошондо айтып чыкса болмок да “бул киши эмне деп жазып жатат?”, — деп. Же азыр финансист болуп туруп медицина жөнүндө жазсам айтса жарашат эле. Ушул кызматта бүтүндөй өмүрүм өтүүдө. Депутат болсом да тиешелүү тармакта иштедим. Анан ошол мурдун тарта албаган гезитчилер менден кыйын билет бекен? Балким, ачуу сөздөр менен айтып аткандырмын. Себеби алар түшүнсүн деп өздөрүнүн деңгээлине түшүүгө туура келүүдө. Мына Сизге берип жаткан китебим 2013-жылдын башында жазылган. Муну кечээ, бүгүн эле жаза койгон жокмун да. Андан бери иш жүрүп жатпайбы.

— Демек, бул эмгегиңиз каржы тармагында иштегендерге пайдасы тиет экен да?

— Буюрса, ниетим ошондой. Биз бир эле теория менен чектелбей, практикалык жагдайга да көңүл бурдук. Илимий жетекчим экөөбүз депутат болуп жүрүп бюджет комитетинде иштедик. Ошол ишибизди бул эмгекке камтыдык. Дагы бир жагдай, бир гана биз эмес, Борбор Азиядагы алдыңкы 3–4 окуу жайлардын бири болгон КЭУну түптөп, эл аралык деңгээлге жеткирген Т. Камчыбеков агай баштаган бир топ академик, профессорлор тууралуу да жаман сөздөр жазылып жатат.

Бул окуу жай жылда Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүндөгү белгилүү окумуштууларды чакырып, эл аралык деңгээлдеги илимий конференцияларды өткөрөт. Ушул жерде А. Жапаров, А. Кожошев сыяктуу аттуу-баштуу кандидат, докторлор чыкты. Анын негизинде база калыптанып, Кеңеш түзүлдү. Ал оңой-олтоң жумуш эмес. Так эсимде жок, мен кандидаттыкты жактап жатканда Тажикстандан же Казакстандан бирөө келип, КЭУда докторлук эмгегин жактап кеткен. Буга сыймыктаныш керек болчу. Кайра ичи тарлык кылып, жамандап жатпайбы. Элдин ыйманы бузулдубу, жок, алардан айланса болот. Мынабул же чиновник эмес, же саясатчы эмес, же интеллигент эмес эт менен челдин ортосунда жүргөндөр коомду иритип-чиритип жатат. Ушул катмарды жок кылбаса, оңолбойбуз. Алардын колунан эч нерсе келбейт, мамлекетке бир пайдалуу иш жасабайт. Бирок сүйлөгөнү таш жарат.

— Балким, алар айтылган, жазылган сөздүн кесепети кандай болорун билбей, оозунан чыккан сөздүн кулу болуп каларын аңдабай калышкандыр?

— Бул буйрутма. Ошол Кеңешке мүчө болгондордун көпчүлүгүнүн аты-жөнүн, фамилияларын мен билбеймин. Канча илимдин доктору отурганын билем. Мисалы, Турар Койчуевичти, Шайлообек Мусакожоевди, Төлөгөнбек Камчыбековду, Токтомаматов Кантөрө Шарипович агайыбыз бар эле, кайтыш болуп кетти. Ушуга окшогон илгертен келаткан күчтүү экономист агайларды тааныймын. Кийинкилеринин көпчүлүгүнүн илимдин доктору, профессор экендигин билем. Ошондой эле Эльмира Жумалиеванын профессор экендигин билем. Аяткан Орозбаевна, Бактыгүл Асановналар, Баетов Батыргул бар. Булар Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымы гана. Бирок гезитте четтен баарын каралап жатпайбы. Балким, арадан кимдир-бирөө көралбастык кылып, гезитке маалымат бергендир. Эртеби, кечпи кыңыр иш кырк жылда болсо да ачыкка чыгат.

— Демейде, мындай каралоолор шайлоо алдында болчу эле. Бирок бул ирет жакында эле чоң шайлоо бүтүп, алдыда дагы беш жыл убакыт бар экендигине карабай башталып жатат…

— Мени каралоо башталса, демек, жакында парламент тарап, шайлоо жакындап калса керек. Бул да мен үчүн даярдан деген белги. Ушул илимий эмгегиме асылып, VIP шаарча боюнча чырга мени аралаштырып, көбүртүп-жабыртып мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүп жаткан каралоонун артында бирөөлөр турат. Мен алар Ак үйдө экендигин билем. Дагы бир жолу айтам, алар сөзсүз пенденин алдында болбосо да, Кудайдын алдында жооп беришет.

Маектешкен Эмилбек Момунов, Жаңы ордо

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар