А.Келдибеков БШК менен соттошот

Бул тууралуу “Ата журт” партиясынын лидерлеринин бири, мурунку төрага Акматбек Келдибеков 6-сентябрда маалымат жыйынында билдирген. Кактус.медиа сайтынын маалыматы боюнча, Акматбек Келдибеков маалымат жыйынында БШК тарабынан анын талапкер катары укугу бузулганын билдирген. “Мен, Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык талаптарын аткардым. Анын ичинде 30 миң кол тамганы тапшырдым. БШКнын мүчөлөрү он күндүн ичинде жообун бериш керек эле. Бирок аны жасашкан жок”,- дейт Келдибеков.

Мурунку төрага анын шайлоого талапкер катары катышуусу үчүн эч кандай Конституция жана мыйзамдар боюнча тоскоолдук жок деп эсептейт. Ошондуктан ал БШКаны сотко берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы Акматбек Келдибековдун соттуулугу быйыл 8-ноябрда жоюлат деген жүйөө менен талапкер катары каттоодон баш тарткан.

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар