А.Бекназаровго кылмыш иши козголушуна байланыштуу ТЭК кайрылуу жасады

  Учурда Кыргызстан   жооптуу  мезгилди башынан кечирүүдө. КРнын президенттигине талапкерлер аныкталып, саналуу күндөн соӊ шайлоо өнөктүгү башталганы  турат. Эмитен эле тараптардын так талашынын таскагы таасын чыгып, бийликчил талапкерлердин  алдын тазалоо, каршылаш тараптарды каралоо  күч алууда.

Улуттук- мекенчил күчтөрдүн колдоосуна таянып, өзүн өзү жылдыруу жолу менен президенттик шайлоого аттанган А.Бекназаров бийликтин баш оорусуна айлангандыгы азыртан эле айкын болууда. КРнын президенттигине талапкер катары расмий катталганына карабастан, ага каршы кылмыш иши козголгондугун Мамлекеттик коопсуздук кызматы жарыя салды.

Жармач жалаа иретиндеги бул кылмыш иш аркылуу А. Бекназаровду мокотуу мүмкүн  эмес. Ал мындан да оор сыноолордон өткөн, такшалган саясатчы. Болгону  бизди таӊ калтырганы А. Бекназаровдун Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер болуп катталгандан кийин юристтер же болбосо саясатчылар эмес көчөдөгү карапайым калк да ишенбеген мотив менен ал «сотто калп көрсөтмө берген» — деп, кылмыш иштин козголуусу болуп жатат.

КРнын мыйзамдарына ылайык Президенттикке талапкер катталган күндөн баштап,  кол тийбестик иммунитетине ээ экендигин мамлекеттик бийлик органдары билсе да көзгө илбегендиги эмнелерди каӊкуулайт? Шайлоо башталбай жатып, А.Бекназаровдун кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын ачык коргоп, элдик бийликти, адилеттикти Курултай институту аркылуу орнотууну көздөп, паспорттогу «улуту» -деген графаны ачык так жазууну  талап кылып   жатканы  айрым ички жана сырткы күчтөргө жакпай жаткандыгынан кабар берет. Ал тургай ар дайым Улуттук-мекенчил идеялдарды туу тутуп жүрушкөн  президенттикке талапкерлер  А.Келдибеков, К.Исаев, К.Шайымбетов, Т.Акун, С.Жапаров, К.Чороевтун түрдүү себептер менен Президенттик жарыштан четтетилиши  да бул көз караштын жөн эмес экендигин айгинелеп турат.

Соӊку кыргыз тархында мекендин  бүтүндүгү, элдин биримдиги үчүн талбай күрөшүп келе жаткан  А.Бекназаровду  каралоо саясаты- кыргыз элинин улуттук мекенчил сезимдеринин ойгонушуна,  улуттук духтун жанданышына далбас уруп каршы туруу, кандайынан болбосун  улуттук күчтөрдүн бийликке келишине жол бербөө деп түшүнөбүз.

Кыргызстанда учурда жүрүп жаткан президенттик шайлоо компаниясына бүткүл дүйнө жүзү көнүл буруп карап турат. Урматтуу Президент,Сизден мамлекет башчы катары  «тири укмуштуу» кылмыш иштерди козготуу, аны менен алектенүү жана башка ушул сыяктуу терс көрүнуштөргө мындан ары жол бербей акыйкаттыкты карманып, калыс турууну талап кылабыз.

Кымбаттуу кыргыз эли! Баарыныздарды жаркын келечегибиз үчүн, кайдыгер болбой, байлык менен бийликтин сормо сазынан бийик туруп, адилеттик үчүн тике туруп күрөшүүгө чакырабыз!

 

Туруктуу элдик кеңеш-ТЭК

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар