А.Бекназаров: Акаевдин “Жалпы үйүн” коргоочулар мага каршы чыгууда

Мындай пикирин белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров 20-июлда Элньюска билдирди. Анын айтымында, бейшемби күнү Туруктуу Элдик Кыймылдын жыйыны болуп, анда УКМКнын текшерүүсүнө байланышкан маселе каралды. Жыйында президент Атамбаевге кайрылуу кабыл алынды.

УКМК Азимбек Бекназаровдун “Ата Журт” партиясынын курултайында  «Кыргызстан кыргыздар үчүн керек. Кыргызстан кыргыздардын мамлекети. Биздин саясат жана биздин президент кыргыздарга иштеш керек. Биз Акаев курган «Жалпы үйдү2 талкалашыбыз керек» деген сөзү “улут аралык кастыкты козгогон жокпу” деп  текшерүүгө ала баштаганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлаган.

Бекназаровдун айтымында, анын “Жалпы үйдү” талкалоо боюнча чакырыгына мурунку акаевчылар чычалап жатат. Бул “Жалпы үйдү” март, апрель ыңкылаптарында эл талкалады, бирок ордуна жаңысын кура албай жатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар