А.Атамбаевдин досу Евразия банкын жетектейт

Коррупция боюнча шектелип, үйүнөн ири суммада акча табылган Орусиянын Бажы кызматынын мурунку башчысы Андрей Бельянинов Евразия өнүктүрүү банкынын башчылыгына көрсөтүлдү. Тийиштүү документке орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кол койгону кабарланды. Кыязы ал үйүнөн табылган таңгак-таңгак акча кайдан алынганын мыйзам алдында актап берген окшойт…

Андрей Бельянинов президент Атамбаевдин жакын досу экени белгилүү. Ал кызматынан алынганга чейин кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын орус тарабынын башчысы болуп келген… Кыргызстан президенти ага Данакер орденин ыйгарган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар