А.Атамбаев Сочиге аттанат

Президент Алмазбек Атамбаев 14-сентябрда Сочиде президент Владимир Путин менен жолугушуу өткөрөт. Бул маалыматты президенттин маалымат кызматы ырастады. Маалыматка караганда, эки президенттин 14-сентябрда Сочиде жолугушуусу 14-августа телефон аркылуу сүйлөшүүдө макулдашылган.

Сочидеги жолугушууда эки тараптуу жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташуу маселелери талкууланмакчы.

Айрым маалыматтар боюнча, президент Атамбаев Сочиде Владимир Путин менен жолугушууну өтүнгөн. Күн тартиби абдан тыгыз Путин кыйылып макул болгон.

Алмазбек Атамбаев  Владимир Путин менен Сочиде октябрь айындагы Кыргызстандагы президенттик шайлоо, анда бийлик талапкерин ызы-чуусуз шайлап алуу, бийлик алмашууну жаңжалсыз өткөрүүгө көмөк жана кепилдик алууну көздөп жатканы айтылууда.

Кремль азырынча Кыргызстан президенттигине талапкерлердин эч кимисине артыкчылык бере элек.  Кыргыз бийлиги албетте Орусия Сооронбай Жээнбековду колдоосун жактайт. Өзгөчө Орусиянын өтө таасирлүү маалымат каражаттары бери дегенде лоялдуу болуп,  андан ары колдоп берүүсүн каалайт.

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар