А.Атамбаев: Мен кайрылып келем

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин бийликтен алыстабасын ар дайым айтып келет. Кээде гана чарчаганын айтып, эч нерсеге аралашпасын айтып калбаса, көпчүлүк учурда бийликте болорун эскертип келатат.

7-октябрда андай оюн Атамбаев дагы бир жолу айтты. Ал мындай деген:

“Кудай буюрса, кезинде М.Бакиевге кызмат кылгандардын баарын алып кетем. Бирок мен кайрылып келем, алар эч качан…”

Атамбаевдин президенттиктен кийин бийликке кайрылып келери август айында Ошко сапарында айкын болгон эле . Анда Атамбаев президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин КСДПнын башына келерин айткан.

КСДП башкаруучу коалициянын башында турган, өкмөттү түзгөн партия. Демек, президенттиктен кийин Атамбаев бийликтеги партиянын лидери катары бийликтин чордонунда боло бермекчи.

“Мен кайрылып келем” дегендин маани-маңызы ушул жакта жатат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар