А. Атамбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Эмнелерди айтты?…

24-июлда Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атада маалымат жыйынын өткөрдү. Анда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Суроолор албетте, президенттик шайлоо, “Заноза” менен соттошуу, чех компаниясынын ГЭС куруу максаты жана башка маселелерге байланыштуу болду.

 

Президенттик шайлоо

 

Атамбаев күзгү президенттик шайлоодо эки адамга “ставка” кылганы аныкталды. Анын биринчиси Сооронбай Жээнбеков, экинчиси Өмүрбек Бабанов. Мүмкүн  тескерисинче Бабанов биринчи, Жээнбеков экинчидир…

Атамбаев маалымат жыйынында “эгерде Жээнбеков болбосо, мурунку өкмөт башчы Бабановду колдомокмун. Бийликтин тынч өткөрүлүшүн кепилдеймин” деди.

Апрель айында туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында Атамбаев “келечектеги президент араңарда отурат” деген эле. Коомчулук анда “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен “Өнүгүү” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди көңүлгө алган…

Кыязы, ошондо эле Алмазбек Атамбаевдин көңүлүндө Өмүрбек Бабанов тургандай.

Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынында айткандарына  саресеп салып, жыйынтык чыгарсак, алдыдагы президенттик шайлоодо республиканын саясий күчтөрү негизинен  эки жээк  болуп бөлүнчүдөй. Бир жээкте бийлик жана Өмүрбек Бабанов болсо, экинчи жээкте калган саясатчылар, саясий күчтөр болот.

Негизинен партиялардын курултайлары, ал курултайларга кайсы саясатчылардын катышып жатуусу саясий күчтөрдүн эки жээк болуп бөлүнүп жатуусун көрсөткөн. Эми Атамбаев Бабановду тандоо менен ал сызыкты жана жикти ого бетер ачыктады.

Атамбаевдин Бабановду тандап жатышынын себеби Бабановдун Атамбаевге эч каршы чыкпай, оппозициялык фракциянын лидери болсо да президентти айга-күнгө теңеп келатышында болсо керек.

Атамбаевдин ыңкылапчыл “өнөгү” Темир Сариев да Бабановдукундай позицияны карманууга аракет жасап келди. Бирок “бал” тили жетпеди же башка себеп болду… Акүйдүн мактоосуна, колдоосуна ээ боло албады. Кыязы, Сариевдин Атамбаевге ачык оппозицияга чыккан бир катар адамдарды жанына алуусу, душмандары менен коюн-колтук алышуусу, эң соңунда Текебаев-Чотонов сотунда Текебаевдин пайдасына көрсөтмө берүүсү Акүй башчысынын жага бербегени турган иш.

 

Ч.Турсунбеков партиядан чыгыш керек…

 

КСДПдан талапкер болуу үчүн күрөшкөн Чыныбай Турсунбековду да татаал тагдыр күтүп турганы аныкталды. Президент Атамбаев «КСДП Жээнбековдун талапкерлигин колдоду, партиянын талапкерин колдобогон адам партиядан чыгыш керек», деди.

Жогорку Кеңештин төрагасы өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу президенттик шайлоого барарын билдирип келатат. Бирок партиядан катуу эскертүү алгандан бери ал ниетин аткарууга карай кадам таштай элек. Башкача айтканда, БШКга арызын жолдой элек. Кыязы, кеч болсо да мүмкүнчүлүктөрүн абдан катуу эсептеп жаткандай…

Атамбаев маалымат жыйынында “Заноза” сайтын кечирбесин айтты. Демек, сайттын тагдыры, соттун чечими дайын. Белгилүү болгондой Октябрь райондук соту төрт доо боюнча сайтка 24 млн. сом доо койгон. Сайттын жана журналисттердин адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Бирок андан үмүт жоктугун сайттын уюштуруучуларынын бири, журналист Нарын Айып билдирген.

Чехтердин “Liglass» компаниясы менен түзүлгөн келишимге токтолгон Атамбаев, алар ““Русгидрого” 37 млн. долларды төлөсө, ишке жарайт, болбосо башка инвестор издейбиз” дегендей пикирин айтты.

 

 

 

 

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар