А.Атамбаев КСДПнын башына кайра келет

Чындыгында Атамбаев партиясынын тизгинин башка бирөөгө эч качан берген эмес. Президенттигинин алты жылында ал КСДПнын көмүскөдөн толугу менен башкарып турду.

Эми ачык түрдө партиясынын жетегине келерин 28-августа Ош облусуна жумуш сапарында ырастады. Маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунда калк менен жолугушууда “партиялаштарым мени партиянын лидерлигине шайлап алабыз деп жатышат” деп айткан.

Демек, президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев КСДПнын башына расмий түрдө келип, келерки парламенттик шайлоого кам көрө баштайт…

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар