5-июнда Германия тышкы иштер министри Түркияга келет

Зигмар Габриэль Анкарада акыркы кезде чыңалып кеткен Түркия менен Германия ортосундагы мамилени жөнгөрүүнү сүйлөшөт. Анадолу маалымат агенттигинин кабарлоосу боюнча, эки ортодо чыңалуу өткөн айда кайрадан күчөдү. Ага Түркиянын Инжирликтеги аскер базасына немис депутаттарынын келишине уруксат бербеши себеп болду. Депутаттар базадагы немис аскерлери менен жолугушууну көздөгөн.

Берлиндин  Германиядагы түрктөр арасында президенттик шайлоодо  түрк бийлигинин үгүт жүргүзүүсүнө жол бербеши да мамилелердин чыңалышына салымын кошкон.

Түркия Германияны жикчил жана террорчул күрт уюмдарын колдойт деп  айыптап келет. Германия өз кезегинде Түркия сөз эркиндигин кысымга алууда, демократиялык жараяндан тайууда деп сынга алат.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар