2050-жылы дүйнөдө адамдардын саны 9.8 млрдка жетет

Улуттар Уюмунун 21-июндагы маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карай жер жүзүндө 7.6 млрд. адам жашайт. Төрөлүүнүн кыскаруусуна карабай адам баласы жыл сайын 83 млн.го көбөйүп жатат. Бул өсүш адамдардын орточо өмүрүнүн узаруусуна да байланыштуу.

БУУнун баяндамасында 2030-жылга карай адамдардын саны 8.6 миллиардка, 2050-жылы 9.8 миллиардка, 2100-жылы 11.2 миллиардка жетери белгиленген.

Азыркы кезде Кытайдын калкы эң көп. Бул өлкөдө 1.4 млрд. адам жашайт. Экинчи орунда 1.3 млрд. калкы менен Индия турат. 2024-жылга карай Индия калкынын көптүгү боюнча Кытайды артка калтырары күтүлүүдө.

Дүйнө жүзү боюнча өмүрдүн орточо узундугу акыркы 10 жылда 65 жаштан 69 жашка, ал эми аялдардыкы 69 жаштан 73 жашка жеткен.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар