Өзбекстанда мурунку башкы прокурор камакка алынды

Өзбек маалымат каражаттарынын 23-февралдагы кабарлоосуна караганда, Өзбекстандын мурунку башкы прокурору Рашид Кадыров камакка алынды.  15 жыл бою баш прокурор болуп келген Кадыров 2015-жылы Каримов тарабынан кызматтан алынган.

Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиеев жакында эле прокуратура кызматын абдан катуу сынга алган. Мына ошондон кийин Кадыровдун 42 жаштагы уулу өлкөдөн качканы маалым болгон.

Рашид Кадыров Өзбекстандагы эң бай адамдардын бири катары сыпатталган. Анын чет өлкөлөрдө көптөгөн бизнестери тууралуу маалыматтар чыккан.

Рашид Кадыровду камакка алуудан мурда Мирзиеев өзбек атайын кызматынын башчысы Рустам Иноятовду кызматынан бошоткон эле. Иноятовдун кызматтан кетиши менен Мирзиеев президент катары биротоло бекемделди деген пикирлер айтылган

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар