Өзбекстан И.Каримовдун 80 жылдыгын белгилейт

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун 80 жылдыгын белгилөө боюнча токтомго кол койду.

Токтом Каримовдун республиканын көз карандысыздыкка ээ болушуна, туруктуу өнүгүшүнө кошкон зор салымы эске алынып, анын атын түбөлүк калтыруу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Иш-чаранын алкагында, 2018-жылы январда Каримовдун Самарканддагы монументалдык күмбөзүнүн расмий ачылышы болот. Ага улай эле Карши шаарында анын эстелигиги бүткөрүлөт.

Мындан тышкары Каримовдун жашоосу жана ишмердүүлүгү туурасында даректүү тасма тартылып, анын китептери жарык көрөт. Самаркандда “Ислам Каримов – Өзбекстан мамлекетинин негиздөөчүсү” деген аталышта эл аралык илимий конференция болот.

Өзбек президенти Мирзиеев маркумду мына ушинтип урмат кылып жатат. Ал эми Атамбаев Аскар Акаев, Курманбек Бакиевди ары койгондо, жада калса Роза Отунбаеваны расмий жыйынга чакырттырбай койду. Ислам  Каримовду болсо жакында эле «картаң диктатор»  деп, оозунан «ак ит кирип, кара ит» чыккан….

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар