Өзбек президенти популизмге алдырып атабы же… (видео)

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев бийликке келери менен кошуна мамлекеттер менен мамилени чыңдоону жактап, бул багытта реалдуу кадамдарга барды. Региондогу чыңалуу басаңдап, жоюлуп баратат. Кыргызстан менен Өзбекстан мамилесиндеги оң жылыштар ага далил.

Шавкат Мирзиеев ички саясатта да Ислам Каримовдун саясатынан өзгөчөлөнгөн саясат жүргүзүп жатат. Ал прокурорлорду эң башкы уурулар деп атап, жергиликтүү бийлик башчыларын элдин абалын билиши үчүн эл менен аралашып жашоону буйруду. Тойлорду өткөрүүнү да иретке салып, молдолорду катардагы адам түшүнө тургандай маселе айтууга чакырды.

Мирзиеев мамлекеттеги абал жакшы эместигин билгенин, бирок мынчалык начар экенин билген эместигин Ташкенге жакын Алмалык шаарында 11-августагы жыйында билдирди.

10 жылдан ашуун өкмөт башчы болуп иштеген Мирзиеевдун чыныгы абалды билбепмин дегени мамлекетте бир жагынан өкмөт башчынын аянычтуу абалын билдирсе, экинчи жагынан президенттин чыныгы кожоюндугун кабарлайт.

Мирзиеевдун ички саясатта азыркы кадамдары популисттик сөздөр жана убадалар менен элге алынып, абалын бекемдөөнү көздөшү мүмкүн. Анткени эч нерсени өзгөртүүнү каалабаган, баары мурункудай калышын каалаган күчтөр борбордук да, регионалдык да бийликтерде отурушат. Алардын реваншына жол бербеш үчүн, жеңишти биротоло бекемдеш үчүн биринчи кезекте элге алыныш керек. Бул жагынан алганда Мирзиеев саясатчы катары туура багыт алган.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар