Өзбек бийлиги таасирдүү прокурорго кылмыш иши козголгонун ырастады

22-мартта Өзбекстандын башкы көзөмөл органы Ташкент шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары, юстиция министрлигинин 68 жаштагы кеңешчиси Мираглам Мирзаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата кылмыш иши козголгонун ырастады.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровго каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында Мирзаевге, анын жубайы жана уулуна карата ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

1-мартта «Азаттыктын» өзбек кызматы көзөмөл органындагы өз булактарына таянып, 23-февралдагы атайын рейддин жүрүшүндө эң таасирлүү өзбек прокурорлорунун бири Миргалам Мирзаев, анын жубайы Мухаббат Хасанова жана уулу Абдурашид Мирзаев кармалганын жазган.

Булактар алардын мурдагы башкы прокурор Рашид Кадыровго каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын кабарлашкан. Бирок 2-мартта көзөмөл органынын сайтында Мирзаевдин камалгандыгы тууралуу маалыматты четке каккан билдирүү жарыяланган.

Мираглам Мирзаев мурдагы бийлик тушунда Өзбекстандын прокуратура органындагы эң таасирлүү фигуралардын бири болгон. Ал былтыр февралда президент Шавкат Мирзиёев ИИМ жана прокуратура кызматкерлерин сындагандан кийин иштен алынган.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар