Өкмөт башчы Ош облусунда

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков  5-августа Чоң-Алай районунда болуп, 3-5-майда жер титирөөдөн жабыркаган айылдарды кыдырды. Ал зыянга учураган имараттарды, үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин текшерүүгө алды.

Бийик тоолуу Чоң-Алайда калыбына келтирүү иштери сентябрь айына чейин бүткөрүлүүгө тийиш деген тапшырма министрлик жана тийиштүү органдарга өкмөт тарабынан берилген.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков региондорду тынымсыз кыдырууда. Бул активдүүлүктү президенттик шайлоо менен байланыштыргандар бар. Анткени Жээнбеков бийликтеги КСДП тарабынан президенттикке талапкер кылып көрсөтүлгөн.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар