Ө.Токтонасыровго эскертүү берилди

31-майда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров парламент алдына пикетке чыгып, шайлоо бекеттеринде байкоочуларды кыскартууга багытталган мыйзам долбооруна каршылыгын билдирди. Токтонасыровдун Елньюска билдирүүсүнө караганда, аны милиция кармап кетип, 27-июнга чейин Ала-Тоо аянтында жана парламент имаратынын алдында ар кандай акция өткөрүүгө чектөө киргизилгенин эскерткен. Укук коргоочуга өз акциясын Максим Горький атындагы аянтчада өткөрүү сунушталып бошотулду.

Укук коргоочу шайлоодо байкоочуларды кыскартуу “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илемдин” күчөшүнө алып келет деп эсептейт.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар