Ө.Текебаевдин тарапкерлери 50 миң адамдын колун тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясына  Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин колдогон 50 миң кыргыз жаранынын колу тапшырылганын “Ата Мекен” партиясынын активисттери фейсбуктагы баракчасына кабарлады. Муну менен Текебаев катталуу үчүн талап кылынган 30 миң жарандын колун тапшырган үчүнчү талапкер болуп калды.  Ага чейин Темир Сариев жана Өмүрбек Бабанов ал милдетти аткарган эле.

БШК Өмүрбек Текебаевди абакта отурат деген шылтоо менен мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүсүнө жол бербей жатат.

Бийлик мына ушундай ыкма менен Текебаевди талапкер катары каттабай коюу амалын жасап жатканын “Ата Мекендин” мүчөлөрү билдирүүдө.

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар