Ө.Бабановдун талапкерлиги эмнеге партиядан көрсөтүлбөдү?

Өмүрбек Бабанов президенттикке өзүнүн талапкерлигин өзү көрсөттү. 1-июлда болгон “Элдик курултай” болсо анын  талапкерлигин колдоп гана койду.  Кыргызстан мыйзамдарына ылайык президенттикке талапкерди партия көрсөтөт же талапкер өзүн-өзү көрсөтөт.

Ал эми Бабановдун партиядан эмес, өзүн-өзү көрсөтүүсү “Республика-Ата журт” партиясынын ажырашуу жараянына байланыштуу.Ташиев жана Бабанов мындан кийинки шайлоолордо “Республика-Ата журт” деген аталышты колдонбой, өз партияларынын б.а. “Республика” же “Ата журт” аты менен барууну макулдашкан. Ошондуктан Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясынын курултайын чакырбастан, өзүн-өзү көрсөттү.Көпчүлүк элдин колдоосун көрсөтүү маселеси болсо “Элдик курултай” аркылуу чечилди..

There are no comments

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар