Үч-Коргондон өкмөткө, прокуратурага кайрылуу

                          КАЙРЫЛУУ

Биз, Үч-Коргон айылдык аймагынын жашоочулары, аталган айыл аймактын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановтун көп жылдардан бери жасап келаткан мыйзамсыз иштерине макул болбой, акыркы жылдар ичинде бир топ арыз менен мамлекетин башчыларына, депутаттарга жана укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин биздин арыздардан майнап чыккан жок, А.Абдурахманов болсо дагы эле жер сатып, мыйзамсыз тендерлерди өткөрүп мамлекеттин, элдин мүлкүн өзүнө ыйгарып алып жатат.

Демек, 06.05.2015 жылы КР УКМКнын Кадамжай райондук бөлүмү тарабынан Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдурахмановке карата ал тараптан «Достук» айылдык маданият клубун ремонтоодо жасалма акттарга кол коюп 1 941 330 сом өлчөмүндө (бир миллион тогуз жуз кырк бир мин уч жуз отуз сом) мамлеккетик каражатты өзүнө ыйгарып алгандыгы учун Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304 -бер. 1-б.,171 –бер.4-б, 2-п. менен кылмыш иши козголгон. Бирок, А.Абдурахмановтун калкалаган үлкөн чиновниктер алардын башында «крышасы» Икрамжан Илимяновтин жардамы менен кылмыш иши токтолуп койулган жана А.Абдурахманов тергөө маалында кызмат ордунан четтетилбеген. Натыйжада, укук коргоо органдары тарабынан А.Абдурахмановго башка кызматтык кылмыш иштерин жасаганга бир четинен ылайыктуу шарттар жаратылып берилген.

Жыйынтыгында, А.Абдурахманов тарабынан жаңыдан башка кызматтык кылмыш иштер жасалгандыктан Баткен облусунун прокуратурасы тарабынан 12.04.2018 жылы А.Абдурахмановтын үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 305-2-бер. 1-б. жана 306 –бер. 1-б. менен кылмыш иши козголгон.

Бирок, экинчи жолу дагы тергөө тарабынан А.Абдурахманов кызмат ордунан четтетилбеген. Тергөө органдары тарабынан А.Абдурахманов өз мезгилинде кызмат ордунан четтетилбегендиги себебинен А.Абдурахманов кайра кылмыш жолуна түшүп, жаңыдан кызматтык кылмыш иштерин жасаган. Натыйжада, областык прокуратура тарабынан 04.05.2018 жылы А.Абдурахмановке карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-бер. 2-б.,305-бер.1-б.,305-2-бер. 1-б., 315-бер.2-б., жана 179-бер.1-б. менен кылмыш иши козголгон.

Прокуратура тарабынан өз убагында эффективдуу текшерүүлөр жана чаралар көрүлбөгөн себептүү бүгүнкү күндө А.Абдурахманов кылмыш иштерин акча менен жабуу үчүн элдерге мыйзамсыз жер сатуу менен алек жана кайра кылмыш иштерин жасап жатат.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда А.Абдурахманов кылмыш жоопкерлигинен кутулуу жана өз кызмат ордун сактап калуу ниетинде элди жыйынга топтогон. Ал эми жыйналышта негизги маселе кылып прокуратура тарабынан МЫЙЗАМСЫЗ текшерүүлөр жүрүп жатканын, текшерүүлөрдүн жыйнтыгында бирде доомат жана фактылар тастыкталбаганын жыйналган элге айткан. Козголгон кылмыш иштери жөнүндө бир да сөз айтылбаган. Ошентип, А.Абдурахманов элдин көзүнчө прокуратура МЫЙЗАМСЫЗ мени кыйнап жатат деген маанидеги сөздөрдү айткан. Жыйналыш маалында чогулган элди ар биринен таза кагазга  келгендердин тизмеси деп, элди алдап кол топтогон. Жыйналыш бүткөн соң А.Абдурахманов өзүнүн жакын кишилери менен  чогуу Президент жана башкалардын дарегине А.Абдурахманов өзүн коргоп элдин атынан жасалма кайрылуу  даярдаган жана ошол эле күн, 10 май кечинде жасалма кайрылууну Президентин аппаратына беруу ниетде Бишкек шаарына учуп кеткен.

Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлардын негизинде биз прокуратура органдарынан тез арада А.Абдурахмановду элдин жана Президентин көзүнчө прокуратура органдарын дискредитациялоо аракеттерин алдын алып, жыйналышта мыйзамсыз текшерүүлөрр жөнүндөгү сөздөрүн төгүнгө чыгарып, А.Абдурахмановге карата козголгон кылмыш иштерин жарыялоону талап кылабыз. Ошол менен бирге, тергөөгө тосколдук жана басым жасаган аракеттерин негизинде А.Абдурахмановду кызмат ордунан четтетип камакка алынышын талап кылабыз.

 

Роза Маманова

 

There is one comment

Ваш e-mail не будет опубликован.

Окшош маалыматтар